Бир айда Кыргызстандын мамлекеттик карызы 131 млн долларга өстү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички) 2022-жылдын ноябрь айынын акырына карата 5 млрд 349.8 млн долларды (451 млрд 777.6 млн сом) түздү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги жарыялады.

Өткөн жылдын октябрь айында бул сумма 5 млрд 218.6 млн долларды түзгөн. Ал эми ноябрь айында мамлекеттин тышкы жана ички кредиторлорго болгон карызынын көлөмү дагы 131.2 млн долларга көбөйүп, 5 млрд 349.8 млн долларды түздү.

Милдеттенмелер тышкы кредиторлордун алдында (85 млн долларга), ички кредиторлорго (46.5 млн долларга) көбөйгөн.

Мамлекеттик карыздын түзүмү:
  • тышкы карыз — 4 млрд 275.8 млн доллар (80%)
  • ички карыз — 1 млрд 74 млн доллар (20%)