Быйыл кичи жана орто бизнести колдоого 2 млрд сом бөлүнөт

2023-жылы кичи жана орто бизнести колдоого 2 млрд сом багытталат. Бул тууралуу кабминдин маалымат кызматы билдирди.

2022-жылы Финансы министрлиги чакан жана орто бизнести колдоо долбоорунун алкагында коммерциялык банктарга 1 млрд 756 млн сом бөлгөн. Ишкерлерге 1 млн сомдон 3 млн сомго чейин пайызсыз кредиттер берилип жатат.

Бүгүнкү күндө 4 миңден ашуун ишкер үстөксүз насыя алышты.


Микро-, кичи жана чакан бизнестерге пайызсыз кредиттер берилет — жол-жобосу