Эркинбек Осоев КРнын Япониядагы элчиси болуп дайындалды

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыгына ылайык, Осоев Эркинбек КРнын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Ошондой эле дагы бир жарлыкка ылайык, Маматалиев Калдарали Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулу кызматынан бошотулду.