> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы министрлиги 1.6 млрд сомдук МКОну аукционго чыгарат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/12/finansy-ministrligi-1-6-mlrd-somduk-mkonu-aukciongo-chygarat/
- Published: 2023-01-12T10:20:22.000Z
- Updated: 2023-01-12T10:20:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Январь айында Финансы министрлиги 1.6 млрд сом өлчөмүндөгү мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштырмакчы. Аукциондун расписаниеси Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.**

Эртең 13-январда 5% кирешелүүлүгү менен 350 млн сомго 3 жылдык МКОнун аукциону өткөрүлөт. 20-январда жүгүртүү мөөнөтү 10 жыл болгон 800 млн сомдук МКО жайгаштырылышы күтүлүүдө. Кирешелүүлүгү 8% болот.

27-январда болсо жүгүртүү мөөнөтү беш жыл болгон 350 млн сомдук МКОну жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Ошондой эле 120 млн сомдук векселдер да жайгаштырылып, баалуу кагаздардын мөөнөтү бир жыл болот.

---

**Мамлекеттик казына облигациялары (МКО)** – КРнын өкмөтүнүн пайыздык кирешеси (купону) жана жүгүртүү мөөнөтү 1 жылдан ашкан мамлекеттик узак мөөнөттүү [баалуу кагаздары](https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%91%D0%B0%D0%B0%D0%BB%D1%83%D1%83%5F%D0%BA%D0%B0%D0%B3%D0%B0%D0%B7).

1 МКОнун [номиналдык](https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%9D%D0%BE%D0%BC%D0%B8%D0%BD%D0%B0%D0%BB) наркы жана чыгарылыш параметрлери МКОлорду чыгарган учурда [эмитент](https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%AD%D0%BC%D0%B8%D1%82%D0%B5%D0%BD%D1%82) тарабынан аныкталат. МКО документтерде чагылдыруу жана чагылдыруусуз түрдө чыгарылат.