> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын транспорттук компаниялары Россиянын жүк ташуу рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/12/krnyn-transporttuk-kompaniyalary-rossiyanyn-zh-k-tashuu-rynoguna-kir-g-m-mk-nch-l-k-alyshat/
- Published: 2023-01-12T10:00:01.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:04:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**ЕАЭБ өлкөлөрүнүн логистикалык компанияларына Россиянын ичиндеги пункттар арасында жүк ташууга уруксат берилди. Документке Россиянын президенти Владимир Путин кол койгонун ТАСС [билдирди](https://tass.ru/ekonomika/16717385).**

Берилген маалыматка караганда, транспорттук компаниялар жүк ташуу менен гана алектене алат, жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынган.

Нормалар экономикалык интеграцияны тереңдетүү үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун этап-этабы менен калыптандырууга багытталган.

Мыйзам 2025-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.