> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мэрия «Орто-Сай» базарындагы ижарачылар менен түзмө-түз келишим түзөт
- URL: https://im.kg/all/2023/01/12/meriya-orto-saj-bazaryndagy-izharachylar-menen-t-zm-t-z-kelishim-t-z-t/
- Published: 2023-01-12T17:54:51.000Z
- Updated: 2023-01-12T17:54:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти «Орто-Сай» соода-базар комплексинин аймагындагы жер тилкесин башка ижарачыга берүүнү көздөөдө. Себеби, 2016-жылы тендерден ижарага утуп алган «Карасай Сервис ЛТД» ЖЧК өзүнүн милдеттенмелерин аткарган эмес.**

Мэрия «Орто-Сай» соода-базар комплексинин аймагындагы ички жана тышкы павильон **(«Жашыл базар»)** муниципалдык менчик болуп саналарын белгиледи. Ал жерди жети жыл мурда тендердин негизинде алган «Карасай Сервис ЛТД» ЖЧК сынактын шартына ылайык, **ижарага алынган аянттын аймагын жакшыртууга 20 млн сом жумшашы керек** болчу. 

> “Ижара **келишиминин шарттары аткарылбагандыгына байланыштуу** Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти муниципалдык менчикти берүү боюнча комиссиянын кароосуна ижара келишимин бир тараптуу бузуу жөнүндө маселени койду.
> 
> «Карасай Сервис ЛТД» ЖЧКсы менен Комиссиянын чечими менен ижара келишими токтотулган. Борбор калаанын мэриясы келечекте үчүнчү жактардан, ортомчулардан арылуу үчүн ал жерде иштеген **сатуучулар менен түздөн-түз келишим** түзөт”, – дейт мэрия.

Мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев Орто-Сай соода-базар комплексинин аймагында жайгашкан ички жана тышкы павильондун («Жашыл базар») ижарачылары менен жолугушуп, алардын ар бири менен жекече ижара келишимин түзүү маселесин талкуулады.