Такси кызматын лицензиялоону Жогорку Кеңеш биринчи окууда четке какты

Кечээ, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында таксилерди лицензиялоо боюнча жарлык биринчи окууда четке кагылды.

Эске салсак, Ички иштер министрлиги Кыргызстанда такси кызматын лицензиялоону көздөп жаткан. Лицензия алуу үчүн жеке жактар 500 сомдон, ишканалар 1000 сомдон төлөш керек болот эле.

Ошондой эле такси кызматын көрсөтүүгө лицензия алуу үчүн айдоочунун үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы, автоунааны техникалык кароодон өткөрүү, патент алуу жана Социалдык фондго социалдык төлөмдөрдү төлөөсү зарыл болмок.

Кошумчалай кетсек, ИИМ оң рулдуу унааларды такси кызматы менен алектенүүгө тыюу салууну көздөгөн — лицензия сол рулдуу унааларга гана берилмек болгон.

Лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндүгү үчүн жеке жактарга 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу каралган.

Жыйында депутат Марлен Маматалиев такси паркынын 50-60% оң рулдуу унаалар экенин айтып, альтернативалык вариантты, мисалы, мамлекеттик субсидияларды, тактап айтканда, лизингге автоунааларды берүүнү сунуштады. Ошондой эле депутат Нуржигит Кадырбеков сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынса, көптөгөн жарандар жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташууга аргасыз болоорун белгилеп, мыйзам долбоорун колдобоого чакырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды.