> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы эң көп Нарында кымбаттады - 43%га көтөрүлдү
- URL: https://im.kg/all/2023/01/13/2022-zhyly-alkogolduk-ichimdikter-menen-tamekinin-baasy-e-k-p-narynda-kymbattady-43-ga-k-t-r-ld/
- Published: 2023-01-13T14:42:46.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:06:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өткөн жылы Кыргызстан боюнча эң кымбат керектөө баалары Нарында байкалды. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.**

Өткөн жылдын январь-декабрь айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалды. 

> Мында **баалардын максималдуу өсүшү (18.4%га) Нарын облусунда** катталды, бул башка региондорго салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын бааларынын өсүшү (**43.3%га**) менен шартталды.

2022-жылдын январь-декабрь айларында (2021-жылдын декабрь айына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү 14.7%ды түздү.