> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйөт
- URL: https://im.kg/all/2023/01/13/bishkekten-moskvaga-turuktuu-aviakattamdardyn-sany-k-b-j-t/
- Published: 2023-01-13T10:43:16.000Z
- Updated: 2023-01-13T10:43:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди.**

2023-жылдын 1-февралынан тарта **«Аэро Номад Эйрлайнс»** авиакомпаниясы Бишкек – Москва – Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда.

«Манас» аэропортунан Россиянын «Внуково» аэропортуна учуулар жумасына 2 жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарыла башташы күтүлүүдө.

> “Москва шаары «Аэро Номад Эйрлайнс» ата мекендик авиакомпаниясы үчүн жаңы багыт болуп саналат. Учурда Россиянын борборуна Avia Trafic Company, «Аэрофлот» жана «Уральские Авиалинии» авиакомпаниялары каттамдарды аткарып келишет. Азырынча каттамдардын саны – 38”, – дейт өлкөнүн башкы аэропорту.