> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финмин 4 млрд сомдук депозит ачат – бардык комбанктар алса болот
- URL: https://im.kg/all/2023/01/13/finmin-4-mlrd-somduk-depozit-achat-bardyk-kombanktar-alsa-bolot/
- Published: 2023-01-13T09:24:05.000Z
- Updated: 2023-01-13T09:24:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Финансы министрлиги эркин бюджеттик каражаттарды пайдалануу менен коммерциялык банктарда депозит ачууну көздөп, ачык сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.**

Убактылуу бош турган бюджеттик каражаттардын көлөмү 4 млрд сомду түзүп, алар 2023-жылы 11 айга тогуз лотко бөлүнгөн.

Коммерциялык банктар сынакка катышуу үчүн 2023-жылдын 18-январында саат 18:00гө чейин арыз беришсе болот. Арыздар Эркиндик 58-а, Борбордук казыналыктын имараты, 4-кабат, болжолдоо сектору дареги боюнча кабыл алынат. Телефон: 62-59-19, 62-53-13 (3463).