> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө 20-50 млрд сом багытталарын убадалады
- URL: https://im.kg/all/2023/01/16/akylbek-zhaparov-byjyl-ekonomikanyn-realduu-sektorun-n-kt-r-g-20-50-mlrd-som-bagyttalaryn-ubadalady/
- Published: 2023-01-16T09:46:15.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:46:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров минкабдын 2023-жылдагы алгачкы жыйынын өткөрүп, анда быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө 20-50 млрд сом багыттала тургандыгын билдирди.** 

Минкабдын маалымат кызматы билдиргендей, жыйында Жапаров эки жылдын ичинде өлкөнүн ИДПсы 50%га өскөнүн, консолидацияланган бюджет 438.1 млрд сомду түзгөнүн айтты.

> “Консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 2 жылда 190 млрд 600 млн сомго, же 177%га өстү. Келерки жылы аны **503 млрд сомго** жеткирүү пландалууда. Өсүү темпин кармап туруу үчүн биз түз инвестицияны жана таза экспорттун көлөмүн көбөйтүүбүз керек. Бул эки милдетке өзгөчө маани берилет. 
> 
> Быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө жана колдоого **20-50 млрд сом** багытталат. Бул энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба продукциясын сактоо жана сатуу үчүн шарттарды түзүү боюнча долбоорлор», – деди Акылбек Жапаров.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/63c16551cf972-thumb.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/63c16551cf972-thumb.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/63c165518e0c7-thumb.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/63c165518e0c7-thumb.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/63c165521df5d-thumb.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/63c165521df5d-thumb.jpeg)