> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Балтада ачкадан каза болгон кыздын апасы Россияда болгон - Кыргызстанда 90 миң жаш баланын ата-энеси мигрант
- URL: https://im.kg/all/2023/01/16/kara-baltada-achkadan-kaza-bolgon-kyzdyn-apasy-rossiyada-bolgon-kyrgyzstanda-90-mi-zhash-balanyn-ata-enesi-migrant/
- Published: 2023-01-16T17:54:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:27:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кара-Балтада 7 жаштагы кыз аз тамактануудан улам арыктап каза болду. Мындай маалыматты Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Айнура Имашева берди.**

Анын айтымында, кыз ооруканага 14-январда түшүп, ал чарчоо жана суусуздануу белгилери менен дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 

> “Анын абалы өтө оор болчу. Дарыгерлердин айтымында, кыздын атасы балдарды карабайт, апасы Россияда экен”, – деген башкы дарыгер кыз жети жашта экенине карабай **салмагы 12 кг гана** болгонун белгиледи.

Эскерте кетсек, [Кыргызстанда 90 миң жаш баланын ата-энеси мигрант](https://economist.kg/novosti/2022/11/10/u-90-tysyach-detej-v-kyrgyzstane-roditeli-trudovye-migranty/). 

Тиешелүү органдар жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, 89 миң 901 баланын ата-энеси эмгек мигранты, анын ичинен 75 миң 457си тышкы мигранттардын балдары (83.9%), 14 миң 444 (16.1%) ички мигранттардын балдары. Иликтөө учурунда 82 бала эч кандай туугандык байланышы жок эле адамдар менен жашаганы аныкталган.

Ошондой эле Кыргызстандын калкынын бештен эки бөлүгү (38%) [толук кандуу тамактанууга](http://localhost/info-portal/news/2022/12/13/kyrgyzstandyn-kalkynyn-beshten-ekisi-toluk-kanduu-tamaktanuuga-chamasy-zhetpejt/) мүмкүнчүлүгү жок.