> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын бүт банк системасындагы АКШ долларынын жалпы көлөмү учурда 650 млн долларды түзөт
- URL: https://im.kg/all/2023/01/16/krnyn-b-t-bank-sistemasyndagy-aksh-dollarynyn-zhalpy-k-l-m-uchurda-650-mln-dollardy-t-z-t/
- Published: 2023-01-16T14:16:13.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:04:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын банк системасындагы АКШ долларынын жалпы көлөмү бүгүнкү күндө 650 млн АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын доллардын улуттук валютага карата курсу боюнча билдирүүсүндө айтылат.**

> Улуттук банк айтылган 650 млн АКШ долларынын 40%га жакыны накталай доллар экенин билдирди.

Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында 2023-жылдын 10-январында Улуттук банк 104.25 млн АКШ долларын сатуу боюнча валюталык [интервенция жүргүзгөн](http://localhost/info-portal/news/2023/01/11/uluttuk-bank-byjylky-zhyly-birinchi-intervenciyasyn-zh-rg-z-p-daroo-104-mln-dollar-satty/). Белгилей кетсек, интервенция ата мекендик коммерциялык банктар арасында накталай эмес формада ишке ашырылган.

Ошол эле кезде бүгүн, 16-январда саат 14:15ке карата доллардын Улуттук банк койгон расмий курсу 85.68 сом. Ал эми Моссоветтеги акча алмаштыруу жайларында 1 долларды сатып алуу курсу – 86.20 сом, сатуу – 87.20 сомдун тегерегинде [болууда](https://valuta.kg/).