> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Минкабдын алдындагы Архитектура агенттиги жасалма келишим түзүп, бюджеттен 15 млн сомду чыгарып кеткен
- URL: https://im.kg/all/2023/01/16/minkabdyn-aldyndagy-arhitektura-agenttigi-zhasalma-kelishim-t-z-p-bjudzhetten-15-mln-somdu-chygaryp-ketken/
- Published: 2023-01-16T16:28:31.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:46:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Минкабга караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-курулуш департаменти жана Чүй облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары жасалма келишимдерди түзүп, республикалык бюджеттен мыйзамсыз 15 млн сом акча каражатын чыгарып кетишкен.**

> УКМКнын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, аталган департамент 2019-жылдын декабрь айында Чүй облусунун аймагындагы **орто мектепти курууда тендердик сметага кирбеген** жасалма кошумча келишимдерди түзүү жолу менен, республикалык бюджеттен мыйзамсыз **15 млн сом** акча каражатты “С.Т.” ЖЧК подрядчы уюмунун пайдасына чыгарып, бирок, иш жүзүндө бул кошумча иштер алар тарабынан аткарылбаганы аныкталган.

Топтолгон материалдардын негизинде тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Турак жай-курулуш департаментинин мурдагы директору А.А., Чүй облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Э., Турак жай-курулуш департаментинин башкы инженери Д.К. жана подряддык ишкананын директору К.А. кармалып УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.