> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Накталай эмес формада сатуудан сатуу салыгы алына баштады
- URL: https://im.kg/all/2023/01/16/naktalaj-emes-formada-satuudan-satuu-salygy-alyna-bashtady/
- Published: 2023-01-16T13:13:12.000Z
- Updated: 2023-01-16T13:13:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 1-январынан баштап накталай эмес формада төлөнүүчү товарларды сатууда, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда накталай формада төлөнгөндөй эле сатуу салыгы алына баштады. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.**

Алсак, сатуу салыгынын төмөнкү ставкалары колдонулат:

- КНС салынуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн – 1% өлчөмүндө, калган иш үчүн – 2% өлчөмүндө.
- КНСтен бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн – 2% өлчөмүндө, калган иш үчүн – 3% өлчөмүндө.

Ошондой эле банктар, турак жана турак эмес жайларды сатуу боюнча куруучулардын иши үчүн – 2% өлчөмүндө, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн – 5% өлчөмүндө сатуу салыгынын ставкалары каралган.