> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Орто-Токой суу сактагычында кытайлык компания чакан ГЭС курат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/16/orto-tokoj-suu-saktagychynda-kytajlyk-kompaniya-chakan-ges-kurat/
- Published: 2023-01-16T09:15:40.000Z
- Updated: 2023-01-16T09:17:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытай улуттук оор машина куруу корпорациясы (СНМС, China National Heavy Machinery Corporation) Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭС курат.**

Жаңы станциянын кубаттуулугу 21 МВт болот. ГЭСтин курулушу 13-январда Энергетика министрлиги, Экономика министрлиги, Финансы министрлигинин финансы-кредиттик фонду жана СНМС компаниясынын ортосунда кол коюлган кызматташуу меморандумунда каралган.

**Меморандум эки пунктту камтыйт:**

- КРнын энергетика тармагын өнүктүрүүгө салым кошо турган өнөктөштүктү жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо.
- Орто-Токой суу сактагычында кичи ГЭСти куруу боюнча келишимге кол коюу.

> Энергетика министри Таалайбек Ибраев кол коюлган документтер калкты электр энергиясы менен камсыздоодогу негизги кадамдардын бири экенин жана өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты жоюуга багытталганын баса белгиледи. Министр ошондой эле Орто-Токой суу сактагычына кичи ГЭС курууга министрлик кызыкдар экенин билдирди.