> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жазында Кусейин Көлбаев атындагы тоннель ремонтко берилет
- URL: https://im.kg/all/2023/01/16/zhazynda-kusejin-k-lbaev-atyndagy-tonnel-remontko-berilet/
- Published: 2023-01-16T10:19:13.000Z
- Updated: 2023-01-16T10:19:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жаз айларында Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин жарыктары жаңыртылып, асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.**

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Бишкек – Ош автожолунда жайгашкан Төө-ашуудагы тоннелдин абалы менен таанышканы барган.

> “Азыркы учурда тоннелдин ичиндеги жарыктар эптеп эле үлбүлдөп күйүп, жол дагы бузулуп бүткөн. Ошого байланыштуу Министр Текебаев тоннелдин ичиндеги жарыктарын жаңылап, жазында жолду асфальттоо иштерин баштоону тапшырды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Көлбаев атындагы тоннель – Бишкек – Ош автожолунда жайгашкан стратегиялык маанилүү объект болуп эсептелип, республиканын түндүк жана түштүк аймактарын бириктирип, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте, узундугу 2514 метр, бийиктиги 5.8 м, жол жабуусу 6.6 м болуп, 1962-жылы курулган, акыркы жолу 2000-жылы реконструкцияланган. 

---

Белгилей кетсек, буга чейин [Economist.kg кабарлагандай](http://localhost/info-portal/news/2023/01/10/t-ashuuda-alternativdik-tonnel-kuruuga-investorlor-izdel-d-dolboor-234-mln-dollar-turat/), бул тоннелге альтернативдик тоннель куруу да каралып, министрлик Мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен биргеликте инвестор издеп жаткан. Долбоор **234 млн долларга** бааланган болчу.