> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кепилдик фондунун 14% үлүшү сатыкка коюлуп, бирок кардар чыккан жок - ММБФ
- URL: https://im.kg/all/2023/01/17/kepildik-fondunun-14-l-sh-satykka-kojulup-birok-kardar-chykkan-zhok-mmbf/
- Published: 2023-01-17T13:49:46.000Z
- Updated: 2023-01-17T13:49:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кепилдик фондунун 14% үлүшү сатыкка коюлган, бирок кардар чыккан эмес.** **Бул тууралуу бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=BdtmkcdELwQ) Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.**

Бакировдун айтымында, мамлекеттик 3 актив сатыкка бир канча жолу коюлган.

> “Кепилдик фонддун 14%ы коюлган, ал 612 млн сомго бааланган, “Керемет банктын” 0.7% үлүшү, 64 млн сомго бааланган жана “Сарамжал Транс” ЖЧК 100% үлүшү 30 млн сомго бааланып, сатыкка 2-3 жолудан коюлду, бирок кардар чыккан жок”, – деди ал.

Жыйында “2023-2025-жылдарга КРда мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу” жана “КРнын Жогорку Кеңешинин мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

[](https://www.youtube.com/@user-xy5ot8js6f)