> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/17/kyrgyzstandan-naktalaj-chet-lk-valjutasyn-alyp-chyguuga-ubaktyluu-tyjuu-salynat/
- Published: 2023-01-17T08:30:00.000Z
- Updated: 2023-01-16T18:10:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров «КРнын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомго кол койду. Документ өкмөттүн сайтында жарыяланды.**

Документке ылайык, финансы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды коргоо максатында КР минкабдын токтому менен **чет өлкө валютасын накталай экспорттоого** убактылуу тыюу салынат.

- Резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга – 5 миң доллардан ашык суммадагы чет өлкө валютасын алып чыгууга
- Кыргызстандын резиденттери жана жарандары – 10 миң доллардан ашык суммада алып чыгууга тыюу салынат.

> Ошондой эле документте Кыргызстандын резиденттери жана жарандары тарабынан 10 миң доллардан ашык суммадагы накталай АКШ долларын экспорттогон учурда лимиттен ашкан суммадан 10% өлчөмүндө төлөм алынат деп белгиленген.

Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.