> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ММБФ «Кыргызтелекомдун», «РСК», «Кыргызалтындын» 10% үлүштөрүн IPOго чыгарууну көздөөдө
- URL: https://im.kg/all/2023/01/17/mmbf-kyrgyztelekomdun-rsk-kyrgyzaltyndyn-10-l-sht-r-n-ipogo-chygaruunu-k-zd-d/
- Published: 2023-01-17T14:33:21.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:46:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=BdtmkcdELwQ) Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров** **мамлекеттик бир катар менчик объекттер тууралуу маалымат берди.**

Анын айтымында, «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%), “Кыргызтелекомдун” (мамлекет — 77.84% Соцфонд — 12.51% жеке жана юридикалык жактар — 9.65%), “РСК” (100% мамлекеттики), “Кыргызалтындын” (100% мамлекеттики), “Учкундун” 10% үлүштөрүн эл аралык соодага чыгаруу максатында IPOго коюу каралган.

> “Бирок эл аралык биржага чыга алган жок, анткени анын өзүнүн тартиптери, процедуралары бар экен. Бирок чыгарууга дагы деле аракеттер болуп жатат”, – деди ММБФтин төрагасы.

---

**IPO** (Initial Public Offering деген сөздүн кыскартылышы) – алгачкы ачык сунуштоо, компания же алгачкы инвесторлор тарабынан компаниянын акциялары фондулук рынокто жайгаштырылат жана анын натыйжасында, компания ачык болуп, баалуу кагаздар инвесторлордун кеңири чөйрөсүнө чыгарылат.