> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Товарлардын сапатын «Текшер» тиркемеси аркылуу текшерип, даттанууну да ошол жерден берүүгө болот
- URL: https://im.kg/all/2023/01/17/tovarlardyn-sapatyn-teksher-tirkemesi-arkyluu-teksherip-dattanuunu-da-oshol-zherden-ber-g-bolot/
- Published: 2023-01-17T13:16:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:33:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандыктар “Текшер” мобилдик тиркемеси аркылуу товарлардын мыйзамдуулугун жана сапатын өз алдынча текшере алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.**

Салык кызматы тарабынан товарларды маркалоонун улуттук оператору – “Альфа Телеком” ЖАК менен биргеликте ишке киргизилген “Текшер” тиркемеси элдик контролду жүргүзүүгө жана сапатсыз товарларды өндүрүү жана сатуу менен күрөшүүгө мүмкүндүк берет.

> Текшерүү үчүн “Текшер” тиркемесин жүктөп алып, товардын таңгагында жайгашкан маркалоо кодун сканерлөө керек. Эгерде кандайдыр бир бузуулар же сапатсыз товарлар аныкталса, даттанууну түздөн-түз ушул тиркеме аркылуу берүүгө болот. Ошол эле учурда даттанууну берген жарандар алардын кайрылуусу кайсы баскычта экендигин байкап, ошондой эле контролдук иш-чаралардын жыйынтыктары менен тааныша алышат.

“Текшер” тиркемеси аркылуу маркалоо кодун сканерлөө менен продукция жөнүндө толук маалыматты, анын ичинде товардын толук аталышын, аны өндүрүүчү жөнүндө маалыматты, товардык белгини/брендди, товар чыгарылган өлкөнү, товардын шайкештигин ырастоочу документтин түрүн алууга болот.