> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк: Акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар жетиштүү
- URL: https://im.kg/all/2023/01/17/uluttuk-bank-akcha-almashtyruuchu-zhajlarda-zhana-banktarda-dollar-zhetisht/
- Published: 2023-01-17T09:12:38.000Z
- Updated: 2023-01-17T09:15:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк 2023-жылдын 14-15-январында мониторинг жүргүзүп, банктарда жана акча алмашуу бюролорунда накталай чет өлкө валютасы кардарларды эсептик-кассалык тейлөө үчүн жетиштүү деген жыйынтыкка келген. Бул тууралуу регулятор өзү маалымдады.**

Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаалга туруктуу негизде мониторинг жана талдоо жүргүзүп турарын белгиледи. Зарыл убакта, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жөнгө салуу максатында, Улуттук банк тарабынан акча-кредит саясатынын тиешелүү инструменттери колдонулуп турат. 

> “Ошол эле учурда, талаптарды сактоо жана экинчилик рынокто валютаны сатуу менен алектенген адамдар тарабынан алып-сатарлык бүтүмдөргө жол бербөө максатында, нак чет өлкө валютасын сатуу суммасына ички лимит белгилениши мүмкүн”, – дейт регулятор.

- Эгерде акча алмаштыруучу жайларда же коммерциялык банктарда чет өлкө валютасы тактада көрсөтүлгөндөй эмес, **башка курс менен** сатылып же алынып жатса, анда Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 0312 61-04-86 же WhatsApp каналына 0551 890000 кайрылсаңыз болот.

---

[Улуттук банк быйыл дээрлик жарым млрд доллар ички валюта рыногуна чыгарды — бирок баары бир доллар дефицит](http://localhost/info-portal/news/2022/12/29/uluttuk-bank-byjyl-deerlik-zharym-mlrd-dollar-ichki-valjuta-rynoguna-chygardy-baary-bir-lk-d-dollar-deficit/)

[Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынат](http://localhost/info-portal/news/2023/01/17/kyrgyzstandan-naktalaj-chet-lk-valjutasyn-alyp-chyguuga-ubaktyluu-tyjuu-salynat/)

[Улуттук банк быйылкы жылы биринчи интервенциясын жүргүзүп, дароо 104 млн доллар сатты](http://localhost/info-portal/news/2023/01/11/uluttuk-bank-byjylky-zhyly-birinchi-intervenciyasyn-zh-rg-z-p-daroo-104-mln-dollar-satty/)

[Которулган акчанын комиссиясын жөнөтүүчү адам гана төлөйт — Улуттук банк](http://localhost/info-portal/news/2022/12/29/kotorulgan-akchanyn-komissiyasyn-zh-n-t-ch-adam-gana-t-l-jt-uluttuk-bank/)