АКШ элчилигинин колдоосу менен кыргызча акысыз IT курстары окутулат

АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин жана Эл аралык билим берүү боюнча Америка Кеңештери тарабынан башкарылуучу USG кичи гранттар программасынын каржылоосу менен жакында акысыз IT курстары окутулуп баштайт. Бул тууралуу аталган Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Эл аралык билим берүү боюнча кыргызстандагы Америка кеңеши кыргыз тилинде онлайн курс ачууну туура көргөнүн айтат.

“Изилдөөлөргө таянсак (Tarun Jain, 2017), адам эне тилинде эмес, башка тилде билим алганда, ал 18% начар натыйжа көрсөтөт. Кыргызстанда орус жана англис тилин программалоону жакшы үйрөнө ала турган деңгээлде билген адамдардын саны көп эмес деген божомол менен кыргыз тилинде онлайн курс ачууну туура көрдүк.

Python тили боюнча интерактивдүү онлайн курс 2023-жылдын январь айынын экинчи жарымында ачылат деп пландап жатабыз”, – деп жатабыз деп айтылат билдирүүдө.

Economist.kg жакынкы убактарда курс качан башталат, кандай шартта окутулат, кантип катталса болору тууралуу толук маалымат алып берүүгө аракеттенет.