> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде жаңы курулган 30 үй колдонууга берилди
- URL: https://im.kg/all/2023/01/18/batkende-zha-y-kurulgan-30-j-koldonuuga-berildi/
- Published: 2023-01-18T16:46:19.000Z
- Updated: 2023-01-19T08:48:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткенде курулуп жаткан 30 үй колдонууга берилди, жалпы 45 үй толук бүткөрүлгөн. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.**

Маалыматта президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулушу аяктан үйлөрдүн ээлерине президент Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон тапшырганы айтылат. 

> “Калган үйлөрдүн алды аяктоо алдында турат, бүтө электеринин 80-90% жумуштары аткарылган. Турак жайлардын жумуштарын мартта толук бүткөрүп, ээлерине өткөрүү тапшырмасы коюлду. Алдыңкы 10 күн ичинде дагы 30га жакын үйдүн курулушу аягына чыгат”, – деп айтылат билдирүүдө.