> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Москвадагы «Продэкспо» эл аралык көргөзмөсүнө Кыргызстандан 5 компания катышат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/18/moskvadagy-prodekspo-el-aralyk-k-rg-zm-s-n-kyrgyzstandan-5-kompaniya-katyshat/
- Published: 2023-01-18T14:37:29.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:45:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылы 6-10-февралында Москвада “Продэкспо”** **30-эл аралык тамак-аш, суусундуктар жана аларды өндүрүү үчүн чийки заттардын көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Соода өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев билдирди.**

Көргөзмөгө Кыргызстандан беш компания – **“АБАДА Трейд” ЖЧКсы, “Прод Импекс” ЖЧКсы, “Дауд-АС” ЖЧКсы, “Абдыш Ата” ЖЧКсы, “Бал аарысы” ЖЧКсы** катышат.

Ошондой эле өз продукцияларын тааныштырууну жана эл аралык көргөзмөнүн ишине катышууну каалаган компаниялар Соода-өнөр жай палатасына кайрылса болот. 

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/ekspo.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/ekspo.jpeg)

---

“Продэкспо” – Россияда жана Чыгыш Европада тамак-аш жана суусундуктардын эң ири эл аралык көргөзмөсү. Жыл сайын, көргөзмө 30дан ашуун өлкөнүн алкоголдук ичимдиктерин жана шараптарын чыгарган компаниялар катышат. Иш-чарада тамак-аш, органикалык, халал жана башка азык-түлүктөр болот. “Продэкспого” карата өндүрүүчүлөр жаңы өнүмдөрдү, соода маркаларын, бренддерди ишке киргизүүдө. Көргөзмө жыл сайын жаңылыктардын 14%ын сунуштайт.