Москвадагы «Продэкспо» эл аралык көргөзмөсүнө Кыргызстандан 5 компания катышат
2023-жылы 6-10-февралында Москвада “Продэкспо” 30-эл аралык тамак-аш, суусундуктар жана аларды өндүрүү үчүн чийки заттардын көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Соода өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев билдирди.
Көргөзмөгө Кыргызстандан беш компания – “АБАДА Трейд” ЖЧКсы, “Прод Импекс” ЖЧКсы, “Дауд-АС” ЖЧКсы, “Абдыш Ата” ЖЧКсы, “Бал аарысы” ЖЧКсы катышат.
Ошондой эле өз продукцияларын тааныштырууну жана эл аралык көргөзмөнүн ишине катышууну каалаган компаниялар Соода-өнөр жай палатасына кайрылса болот.
“Продэкспо” – Россияда жана Чыгыш Европада тамак-аш жана суусундуктардын эң ири эл аралык көргөзмөсү. Жыл сайын, көргөзмө 30дан ашуун өлкөнүн алкоголдук ичимдиктерин жана шараптарын чыгарган компаниялар катышат. Иш-чарада тамак-аш, органикалык, халал жана башка азык-түлүктөр болот. “Продэкспого” карата өндүрүүчүлөр жаңы өнүмдөрдү, соода маркаларын, бренддерди ишке киргизүүдө. Көргөзмө жыл сайын жаңылыктардын 14%ын сунуштайт.