> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы ипотекалык кредитти 1804 адам алды
- URL: https://im.kg/all/2023/01/19/2022-zhyly-ipotekalyk-kreditti-1804-adam-aldy/
- Published: 2023-01-19T16:59:43.000Z
- Updated: 2023-01-19T16:59:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы «МИК» ААКтын уставдык капиталынын жана жүгүртүү каражаттарынын эсебинен 1804 адам 4 млрд 655 млн сом ипотекалык насыя алышкан. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

“Менин үйүм 2021-2026” программасын ишке ашырууга жана 2022-жылы “МИК” ААКтын финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатында микабдын токтомунун алкагында уставдык капиталды көбөйтүүгө 3.8 млрд сом бөлүнгөн.

2022-жылдын 31-декабрына карата электрондук порталга «Менин үйүм 2021-2026» программасына катышуу үчүн 56 миң 800 жаран катталган, анын ичинен 19 миң 695 жарандын тизмеси ААК тарабынан бекитилген. Кезекте 9 миң 100 жаран банктардын кароосунда турат.

Белгилей кетсек, «МИК» ААК тарабынан бөлүнгөн каражаттар өз алдынча багыттар боюнча кайра бөлүштүрүлөт (Ипотекалык кредиттөө, турак жай курулушу ж.б.).