2022-жылы ипотекалык кредитти 1804 адам алды

2022-жылы «МИК» ААКтын уставдык капиталынын жана жүгүртүү каражаттарынын эсебинен 1804 адам 4 млрд 655 млн сом ипотекалык насыя алышкан. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

“Менин үйүм 2021-2026” программасын ишке ашырууга жана 2022-жылы “МИК” ААКтын финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатында микабдын токтомунун алкагында уставдык капиталды көбөйтүүгө 3.8 млрд сом бөлүнгөн.

2022-жылдын 31-декабрына карата электрондук порталга «Менин үйүм 2021-2026» программасына катышуу үчүн 56 миң 800 жаран катталган, анын ичинен 19 миң 695 жарандын тизмеси ААК тарабынан бекитилген. Кезекте 9 миң 100 жаран банктардын кароосунда турат.

Белгилей кетсек, «МИК» ААК тарабынан бөлүнгөн каражаттар өз алдынча багыттар боюнча кайра бөлүштүрүлөт (Ипотекалык кредиттөө, турак жай курулушу ж.б.).