> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Айыл Банктын» төрагасынын мурдагы орун басары кайра эле «РСК Банкка» ушул кызматка дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2023/01/19/ajyl-banktyn-t-ragasynyn-murdagy-orun-basary-kajra-ele-rsk-bankka-ushul-kyzmatka-dajyndaldy/
- Published: 2023-01-19T09:22:23.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:03:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Уланбек Ногаев «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды (мамлекеттик үлүшү 100%). Бул тууралуу кредиттик мекеменин сайтында маалымдалды.**

Маалыматта Ногаевди төраганын орун басарлыгына дайындоо чечими 18-январда “РСК Банктын” директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынганы айтылат.

Эске салсак, Ногаев буга чейин башка мамлекеттик банкта – «Айыл Банк» ААКда (100% мамлекеттик үлүшү) башкармалыктын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

[Economist.kg](https://economist.kg/) маалымдагандай, 2022-жылдын августунда «Айыл Банктын» үч топ-менеджери – башкармалыктын төрагасы **Улан Букабаев** жана анын эки орун басары **Акылбек Байысов** менен **Уланбек Ногаев** [кызматтарынан кеткен](https://economist.kg/novosti/2022/08/26/srazu-tri-top-menedzhera-ajyl-banka-predsedatel-pravleniya-i-dva-ego-zamestitelya-pokinuli-dolzhnosti/). Алардын кетишинин себептери айтылган эмес.

Белгилей кетсек, Ногаев 2021-жылдын декабрь айында бир добуштан Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасынын президенти болуп шайланган.