«Айыл Банктын» төрагасынын мурдагы орун басары кайра эле «РСК Банкка» ушул кызматка дайындалды

Уланбек Ногаев «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды (мамлекеттик үлүшү 100%). Бул тууралуу кредиттик мекеменин сайтында маалымдалды.

Маалыматта Ногаевди төраганын орун басарлыгына дайындоо чечими 18-январда “РСК Банктын” директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынганы айтылат.

Эске салсак, Ногаев буга чейин башка мамлекеттик банкта – «Айыл Банк» ААКда (100% мамлекеттик үлүшү) башкармалыктын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Economist.kg маалымдагандай, 2022-жылдын августунда «Айыл Банктын» үч топ-менеджери – башкармалыктын төрагасы Улан Букабаев жана анын эки орун басары Акылбек Байысов менен Уланбек Ногаев кызматтарынан кеткен. Алардын кетишинин себептери айтылган эмес.

Белгилей кетсек, Ногаев 2021-жылдын декабрь айында бир добуштан Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасынын президенти болуп шайланган.