> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл төрт көмүр кенин «Кыргызкөмүргө» берүү каралууда
- URL: https://im.kg/all/2023/01/19/byjyl-t-rt-k-m-r-kenin-kyrgyzk-m-rg-ber-karaluuda/
- Published: 2023-01-19T14:55:44.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:37:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандагы үч-төрт көмүр кенин “Кыргызкөмүр” МИге берүү каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=MkzeSRl9YGo) Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.**

Анын айтымында, түндүк регионунда Кара-Кеченин көмүрү 4 миң сомдон сатылууда.

> “Түштүктө болсо тоннасы 12 миңге чейин чыкты. Алып сатуучулар бул жердеги 4 миң сомдук көмүрдү алып барышып, 5 жарым миң сомдон сатып жатышат. Ошто көмүр 9-12 миң сомдон сатылууда. Биз ал жерде эч кандай таасир эте албайбыз. Ошондуктан кечээ эле 3-4 көмүр кенин “Кыргызкөмүргө” өткөрүү тууралуу маселени талдап чыктык”, – деди министр.