> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эмгек министрлиги эми жарандарды Японияга миграцияга жөнөтүүгө даярданууда
- URL: https://im.kg/all/2023/01/19/emgek-ministrligi-emi-zharandardy-yaponiyaga-migraciyaga-zh-n-t-g-dayardanuuda/
- Published: 2023-01-19T10:49:51.000Z
- Updated: 2023-01-19T10:51:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эми кыргызстандыктарды Японияга миграцияга жөнөтүү үчүн бир катар иштерди жасоодо. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев кечээ, 18-январда, Япониянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидеки менен Покровка ССПУНУН директору Сапаралиев Асанкан ортосундагы грант-контрактка кол коюу аземинде билдирди.**

Базарбаев министрлик япониялык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр жана ачык экенин айтты.

> “Президент Садыр Жапаровдун “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” жарлыгынын алкагында Эмгек министрлиги **Кыргызстандын жарандарынын Японияда ишке орношуусу үчүн** шарттарды түзүүгө багытталган чараларды иштеп чыгууда”, – деди министр.

Эскерте кетсек, кыргыз бийлиги акыркы бир жарым жылда жарандарын Улуу Британияга, Түштүк Кореяга, Перс булуңундагы өлкөлөргө, Венгрияга акча табууга миграцияга жөнөтүп жатат.

---

[Кыргызстан жыл башынан бери 3 миңден ашуун жаранын Корея менен Улуу Британияга «кара жумушка» жөнөттү](http://localhost/info-portal/news/2022/07/15/kyrgyzstan-zhyl-bashynan-beri-3-mi-den-ashuun-zharanyn-koreya-menen-uluu-britaniyaga-kara-zhumushka-zh-n-tt/)

[Кыргызстан миграциялык ийнеде отурат – эксперт](http://localhost/info-portal/news/2022/12/22/kyrgyzstan-migraciyalyk-ijnede-oturat-ekspert/)

[Кара-Балтада ачкадан каза болгон кыздын апасы Россияда болгон — Кыргызстанда 90 миң жаш баланын ата-энеси мигрант](http://localhost/info-portal/news/2023/01/16/kara-baltada-achkadan-kaza-bolgon-kyzdyn-apasy-rossiyada-bolgon-kyrgyzstanda-90-mi-zhash-balanyn-ata-enesi-migrant/)

[Экономист: жумушчу күчүн сактап калуу — мамлекеттин №1 милдети](http://localhost/info-portal/news/2022/12/23/ekonomist-zhumushchu-k-ch-n-saktap-kaluu-mamlekettin-1-mildeti/)

[Таластын 43 тургуну Түштүк Кореяга иштегени барышат](http://localhost/info-portal/news/2022/12/19/talastyn-43-turgunu-t-sht-k-koreyaga-ishtegeni-baryshat/)

[Эксперт: Мигранттардын балдары мигрант болуп калышат](http://localhost/info-portal/news/2022/12/22/ekspert-migranttardyn-baldary-migrant-bolup-kalyshat/)

[Мигранттар акыркы он жылда Кыргызстанга 23 млрд доллар алып келген](http://localhost/info-portal/news/2022/11/23/migranttar-akyrky-on-zhylda-kyrgyzstanga-23-mlrd-dollar-alyp-kelgen/)

[Кыргызстан эмнеге жумушчу күчүн экспорттоого кызыкдар? – экономика мигранттардын акчасынан көз каранды](http://localhost/info-portal/news/2022/05/18/kyrgyzstan-emnege-zhumushchu-k-ch-n-eksporttoogo-kyzykdar-ekonomika-migranttardyn-akchasynan-k-z-karandy/)