Эмгек министрлиги эми жарандарды Японияга миграцияга жөнөтүүгө даярданууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эми кыргызстандыктарды Японияга миграцияга жөнөтүү үчүн бир катар иштерди жасоодо. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев кечээ, 18-январда, Япониянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидеки менен Покровка ССПУНУН директору Сапаралиев Асанкан ортосундагы грант-контрактка кол коюу аземинде билдирди.

Базарбаев министрлик япониялык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр жана ачык экенин айтты.

“Президент Садыр Жапаровдун “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” жарлыгынын алкагында Эмгек министрлиги Кыргызстандын жарандарынын Японияда ишке орношуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды иштеп чыгууда”, – деди министр.

Эскерте кетсек, кыргыз бийлиги акыркы бир жарым жылда жарандарын Улуу Британияга, Түштүк Кореяга, Перс булуңундагы өлкөлөргө, Венгрияга акча табууга миграцияга жөнөтүп жатат.


Кыргызстан жыл башынан бери 3 миңден ашуун жаранын Корея менен Улуу Британияга «кара жумушка» жөнөттү

Кыргызстан миграциялык ийнеде отурат – эксперт

Кара-Балтада ачкадан каза болгон кыздын апасы Россияда болгон — Кыргызстанда 90 миң жаш баланын ата-энеси мигрант

Экономист: жумушчу күчүн сактап калуу — мамлекеттин №1 милдети

Таластын 43 тургуну Түштүк Кореяга иштегени барышат

Эксперт: Мигранттардын балдары мигрант болуп калышат

Мигранттар акыркы он жылда Кыргызстанга 23 млрд доллар алып келген

Кыргызстан эмнеге жумушчу күчүн экспорттоого кызыкдар? – экономика мигранттардын акчасынан көз каранды