> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мурдагы прокурор Кубат Абдраимов «Кыргызалтындын» төрагасы болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2023/01/19/kubat-abdraimov-kyrgyzaltyndyn-t-ragasy-bolup-dajyndaldy/
- Published: 2023-01-19T17:57:33.000Z
- Updated: 2023-01-19T18:10:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 19-январда Кубат** **Абдраимов «Кыргызалтын» ААКтын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

Башкармалыктын төрагасы болуп дайындалганга чейин **Абдраимов** компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Ал бул кызматка 2022-жылдын сентябрында келген. Ал эми 2018-жылдын октябрынан 2021-жылдын февралына чейин Ош шаарынын прокурору кызматын аркалаган.

Эскерте кетсек, «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы **Элдияр Султанов** кызматтан кетүү боюнча арызын жазган болчу. Султанов «Кыргызалтындын» жетекчиси болуп 2022-жылдын сентябрында дайындалган. Ага чейин ал «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын жетектеп келген.

Ал эми Султановго чейин өткөн жылдын сентябрь айында «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы **Жарасул Абдураимов**, ошондой эле төраганын орун басарлары Амантур Турсуниязов, Жеңиш Сейдалиев жана Данияр Конокбаев бир убакытта кызматтан кетишкен жана анын себеби айтылган эмес.