> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргызалтындын» жаңы төрагасы ким болору болжолдуу билинди
- URL: https://im.kg/all/2023/01/19/kyrgyzaltyndyn-zha-y-t-ragasy-kim-boloru-bolzholduu-bilindi/
- Published: 2023-01-19T15:15:23.000Z
- Updated: 2023-01-19T15:16:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Султанов кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Анын ордуна директорлор кеңешинин мүчөсү Кубат Абдраимов дайындалышы мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына өздүк булактар ​​билдирди.**

Султанов кызматтан кетүү тууралуу маалыматты жеке өзү тастыктады. Бирок азырынча эч нерсе белгисиз экенин, кечке чейин расмий билдирүү болоорун белгиледи.

Эске салсак, Султанов “Кыргызалтындын” жетекчиси болуп 2022-жылдын сентябрында дайындалган. Буга чейин ал “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасын жетектеп келген.

Белгилей кетсек, Султановго чейин өткөн жылдын сентябрь айында «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы **Жарасул Абдураимов,** ошондой эле төраганын орун басарлары **Амантур Турсуниязов**, **Жеңиш Сейдалиев** жана **Данияр Конокбаев** бир убакытта кызматтан кетишкен жана анын себеби айтылган эмес.

---

[Тогуз айда «Кыргызалтындын» таза кирешеси 38 млрд сомго жетти](http://localhost/info-portal/news/2022/12/21/toguz-ajda-kyrgyzaltyndyn-taza-kireshesi-38-mlrd-somgo-zhetti/)