Кыргызстандын товарлары Россияга Казакстанды айланып өтүп, Каспий деңизи аркылуу ташылат
Кыргызстандын товарлары Россияга Каспий деңизи аркылуу жаңы каттам аркылуу жеткирилет. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
КРда сооданы өнүктүрүү үчүн кошумча маршрутту оптималдаштыруу максатында КР Экономика жана коммерция министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги республиканын жүк ташуучу компаниялары менен биргеликте төмөнкү багыттагы маршруттарды иштеп чыкты:
- Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Россия (Каспий деңизи менен “Түркмөнбашы” портунан “Астрахань” портуна чейин).
Бул багытта үзгүлтүксүз деңиз ташуу линияларын уюштуруу максатында 16-17-январда Россиянын Астрахань шаарында КР, РФ, ТР жана ӨРнын ыйгарым укуктуу органдарынын жана чарбалык субъекттердин өкүлдөрү менен төрт тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында делегация мүчөлөрү Астрахань облусунун «Астрахань деңиз порту» АК, «Астрахань порту» ЖАК, “Армада МК ” АК портторунун ишмердүүлүгү менен таанышышат.