MEGA уюлдук оператору Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өтүшү мүмкүн
MEGA уюлдук операторуна Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы кожоюн болуп калат деп болжолдонууда. Мындай пикирин президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирди.
Султанбаев мамлекеттик уюлдук байланыш оператору “Альфа Телеком” ЖАК (азыр жаңы MEGA соода маркасы менен иштеп, ребрендингге чейин MegaCom деген ат менен белгилүү) тууралуу маалымат берди.
“Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине MEGA да киргизилип, мындан улам ал толук баалоодон өткөн. Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине киргизилгенден кийин башкаруучу өзгөрүп, же Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы кожоюн болуп калат деп болжолдонууда.
Тийиштүү чечим минкаб тарабынан кабыл алынат. Башкача айтканда, компания өлкөнүн бюджетин толтурууга салым кошууну улантуу менен мамлекеттин карамагында калат жана банктын көзөмөлү астында тез өнүгөт. Демек, компания эч кандай жол менен жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтүп кетпейт”, – деди ал.
Ошондой эле катчы башкаруучунун алмашуусу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын жакшырышына, MEGA мамлекеттик компаниясын андан ары активдүү өнүктүрүүгө алып келерин кошумчалады.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште 2023-2025-жылдарга мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы талкууланууда.
Бийлик MEGA уюлдук операторун 12 млрд сомго сатууну пландап жатат
Улуттук банк: эгерде «Мегакомду» сатып алуу сунушу түшсө карап көрүүгө даярбыз