> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Уральские авиалинии» Казань - Бишкек - Казань багытында каттамын ачат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/19/uralskie-avialinii-kazan-bishkek-kazan-bagytynda-kattamyn-achat/
- Published: 2023-01-19T11:55:38.000Z
- Updated: 2023-01-19T11:55:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектен Казань шаарына каттамдардын саны көбөйүшү күтүлүүдө.** **Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди.**

2023-жылдын 20-январынан тарта «Уральские авиалинии» авиакомпаниясы Казань – Бишкек – Казань багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда.

> «Манас» аэропортунан Татарстандын борборуна учуулар жумасына 1 жолу –**жума күндөрү** аткарыла башташы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул багыт «Уральские авиалинии» россиялык авиакомпаниясы үчүн жаңы болуп саналат. Учурда Бишкектен Казань шаарына Avia Trafic Company жана «Северный ветер» авиакомпаниялары жумасына 3 каттам аткарып келишет.