«Уральские авиалинии» Казань - Бишкек - Казань багытында каттамын ачат

Бишкектен Казань шаарына каттамдардын саны көбөйүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди.

2023-жылдын 20-январынан тарта «Уральские авиалинии» авиакомпаниясы Казань – Бишкек – Казань багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда.

«Манас» аэропортунан Татарстандын борборуна учуулар жумасына 1 жолу –жума күндөрү аткарыла башташы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул багыт «Уральские авиалинии» россиялык авиакомпаниясы үчүн жаңы болуп саналат. Учурда Бишкектен Казань шаарына Avia Trafic Company жана «Северный ветер» авиакомпаниялары жумасына 3 каттам аткарып келишет.