> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл КРнын аймактарындагы шаарларды өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнөт
- URL: https://im.kg/all/2023/01/20/byjyl-krnyn-ajmaktaryndagy-shaarlardy-n-kt-r-g-2-mlrd-som-b-l-n-t/
- Published: 2023-01-20T14:30:19.000Z
- Updated: 2023-01-20T14:31:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйыл Кыргызстандын аймактарында шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн республикалык жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.**

Анын айтымында, бөлүнгөн каражат жумушсуздукту кыскартууга, инвесторлорго шарт түзүп, жергиликтүү өндүрүштөрдү колдоого жумшалышы керек. Бул чаралардын баары акыры ИДПнын өсүшүнө таасирин тийгизет.

Жыйынга жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.