Быйыл КРнын аймактарындагы шаарларды өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнөт

Быйыл Кыргызстандын аймактарында шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн республикалык жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бөлүнгөн каражат жумушсуздукту кыскартууга, инвесторлорго шарт түзүп, жергиликтүү өндүрүштөрдү колдоого жумшалышы керек. Бул чаралардын баары акыры ИДПнын өсүшүнө таасирин тийгизет.

Жыйынга жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.