Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы 4.5 млн сомду мыйзамсыз чыгарып кеткен

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик экспертизанын директору М.У.Ж. бюджетке 4.5 млн сомго жакын зыян келтиргени үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган М.У.Ж. Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп турганда материалдык пайда алуу максатында ал подрядчы “Дос-строй” үчүн акча каражаттарын которууну кечиктирүү, ошондой эле аткарылган иштердин
көлөмүн кабыл алуудан баш тартуу түрүндө жасалма тоскоолдуктарды жараткан. М.У.Ж.дун мындай аракеттери “Дос-Строй” ЖЧКсын өзүнө тиешелүү болгон “Болот уста” ЖЧКсы менен субподрядчы түзүүгө жол ачып бергендиги аныкталган.

Өз кезегинде, Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарына 3 млн сомдон ашык акча каражаты пара түрүндө “Болот уста” ЖЧКсы тараптан эмгек акы төлөнгөн. Ошону менен бирге, социалдык объектини тапшыруунун мөөнөттөрү бир топ кечиктиргендигине байланыштуу, Беловодское айылдагы орто мектептин курулуш иштеринин көлөмү бүтпөй калган.

Аудиттин корутундусуна ылайык, бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен 4.5 млн сомго жакын зыян келтирилген. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.