«Ысык-Көл» аэропортунда саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин жаңы имаратын куруу пландалууда

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-январда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Ысык-Көл» жана «Каракол» эл аралык аэропортторун модернизациялоо долбоорлору менен таанышты. 

Президенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, «Ысык-Көл» аэропортунда саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин жаңы имаратын куруу пландалууда. Учурдагы комплекс 2003-жылы курулган жана азыр жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүнө туруштук бере албайт. Азыр жаңы комплекстин долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгып, мамлекеттик экспертизадан өткөндөн кийин курулуш-монтаждоо иштери башталат. 

Келечекте бул жерде «Тамчы» эркин экономикалык аймагы түзүлүп, «Каракол» жана «Балыкчы» ЭЭАлары жоюлат.

Бул аймакта өндүрүштүк жайлар, туристтик комплекстер жана башка объекттер жайгаштырылат, бул чет элдик коноктордун көп агымын кабыл алууга мүмкүндүк берет. 

“Мындан башка, Каракол шаарында «Каракол» эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексинин жаңы имаратынын курулушу жүрүп, жасалма учуу тилкеси узартылып жатат. Келечекте аэропорт Embraer жана анын аналогдору сыяктуу жаңы муундагы авиалайнерлерди кабыл ала алат, бул дагы чет өлкөлөрдөн туристтердин агымын тартып, көбөйтөт”, – деп айтылат маалыматта. 

«Ысык-Көл», «Каракол», «Нарын», «Ош», «Жалал-Абад» аэропортторун реконструкциялоо пландалууда, Талас облусунда аэропорт ишке киргизилет, ал эми учурда «Баткен» жана «Казарман» аэропортторунун аэродромдорунун элементтеринин оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.