> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Электрондук коштомо кагаздын колдонууга киргизилиши баалардын өсүшүнө алып келет - «Дордой-Дыйкандын» ишкерлери
- URL: https://im.kg/all/2023/01/23/elektronduk-koshtomo-kagazdyn-koldonuuga-kirgizilishi-baalardyn-s-sh-n-alyp-kelet-dordoj-dyjkandyn-ishkerleri/
- Published: 2023-01-23T14:41:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:17:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов “Дордой-Дыйкан” дүң азык-түлүк базарында эмгектенген ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.**

Жолугушууда ишкерлер электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын колдонууга киргизилиши – базардагы ишкерлерге бир катар кыйынчылыктарды жаратаарын айтышты.

Соодагерлер белгилегендей аталган базардан республиканын бардык аймактарына азык-түлүк жөнөтүлөт.

> “Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын колдонууга киргизилиши баалардын өсүшүнө алып келет”, – деген ишкерлер, соодага да терс таасир тийгизип, базардын жабылышына шарт түзөөрүн кооптонуу менен кошумчалашты.

Ага ылайык, “Дордой-Дыйкан” базарына “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларындагыдай өзгөчө салыктык режим киргизүү керектигин белгилешти.

Сунуш-пикирлерди уккан депутат Ырысбек Атажанов жолугушууда көтөрүлгөн бардык маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде караларын билдирди.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/230123134352_1-1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/230123134352%5F1-1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/230123134353_3.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/230123134353%5F3.jpeg)