Электрондук коштомо кагаздын колдонууга киргизилиши баалардын өсүшүнө алып келет - «Дордой-Дыйкандын» ишкерлери
Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов “Дордой-Дыйкан” дүң азык-түлүк базарында эмгектенген ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда ишкерлер электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын колдонууга киргизилиши – базардагы ишкерлерге бир катар кыйынчылыктарды жаратаарын айтышты.
Соодагерлер белгилегендей аталган базардан республиканын бардык аймактарына азык-түлүк жөнөтүлөт.
“Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын колдонууга киргизилиши баалардын өсүшүнө алып келет”, – деген ишкерлер, соодага да терс таасир тийгизип, базардын жабылышына шарт түзөөрүн кооптонуу менен кошумчалашты.
Ага ылайык, “Дордой-Дыйкан” базарына “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларындагыдай өзгөчө салыктык режим киргизүү керектигин белгилешти.
Сунуш-пикирлерди уккан депутат Ырысбек Атажанов жолугушууда көтөрүлгөн бардык маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде караларын билдирди.