> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ишкерлер үчүн Венгрияда бизнес форум өтөт - каалоочулар чакырылат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/23/ishkerler-ch-n-vengriyada-biznes-forum-t-t-kaaloochular-chakyrylat/
- Published: 2023-01-23T16:08:48.000Z
- Updated: 2023-01-23T16:16:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ушул жылдын 14-февралында Венгриянын Будапешт шаарында кыргыз-венгер бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу маалымат Инвестициялык порталда жарыяланды.**

Бизнес-программа КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тартуулап сунуштоону, питч-сессияны, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин B2B жолугушууларын камтыйт.

Бизнес-форумда туризм, энергетика, өндүрүш жана айыл чарбасы тармактарынын ишмердүүлүгү багытына тиешелүү болот.

**Форумга катышуу үчүн эмнелерди кылуу зарыл?**

- Катышуу үчүн арызды толтуруп, **info.forum2023@gmail.com** электрондук дарегине жөнөтүү керек
- Бизнес форумдун катышуучуларын каттоо 2023-жылдын 27-январында саат 13:00гө чейин уланат
- Бардык суроолор боюнча 0 312 300284 телефону аркылуу кайрылуу зарыл.

Кыргыз-венгр бизнес-форуму эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана КР менен Венгриянын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда ишкердик мамилелерди орнотуу үчүн маанилүү окуя болуп саналат.