> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Курулуш жана турак жай агенттигинин кызматкерлери 6 млн сом акчаны бюджеттен чыгарып кетишкен
- URL: https://im.kg/all/2023/01/23/kurulush-zhana-turak-zhaj-agenttiginin-kyzmatkerleri-6-mln-som-akchany-bjudzhetten-chygaryp-ketishken/
- Published: 2023-01-23T10:42:00.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:02:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаардык прокуратурасы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери башкы бухгалтер менен чогуу жасалма документтерди жасашып, өздөрүнө 6 млн сом акчаны которуп алганын билдирди.** 

Текшерүүдө, агенттиктин айрым кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан пайдаланышып, жеке материалдык пайда табуу максатында бухгалтердик **документтерди жасалмалоо жолу менен ведомствонун кызматкерлерине эмгек акы төлөө аракетин шылтоолоп**, агенттиктин С.Н.К аттуу башкы бухгалтеринин өздүк эсептерине которуу жолу менен бюджеттик каражаттарды системалуу түрдө чыгарышкандыгы жана өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталган.

> Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, агенттиктин бюджетинен **6 млн сомдон ашык каражат** чыгарылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. 

Тергөөнүн жүрүшүндө, аталган Агенттиктин мурдагы башкы бухгалтери, ал эми азыркы учурда “Бишкекжашылчарба” МИнин башкы бухгалтери С.Н.К кармалып, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык кызмат адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.