> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери  башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан
- URL: https://im.kg/all/2023/01/23/kyrgyzstanda-elektr-energiyasynyn-tarifteri-bashka-lk-l-rg-salyshtyrmaluu-arzan/
- Published: 2023-01-23T10:30:06.000Z
- Updated: 2023-01-23T10:30:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу электр энергиясынын тарифтери Кыргызстанда эң арзан. Мындай салыштырган маалыматты Энергетика министрлиги билдирди.**

Министрлик Казакстанда 1 кВт/саат электр энергиясы КРнын улуттук валютасы менен эсептегенде 3.54 сом, Россияда 4.6 сом, Тажикстанда 2.2 сом, Өзбекстанда 2.23 сом турарын жана Түркмөнстанда 1 кВт саат электр энергиясынын тарифи 62 тыйын, Кытайда 6.75 сом экенин айтты.

> Ошол эле учурда Кыргызстандын калкы үчүн бүгүнкү күндө электр энергиясынын тарифи 77 тыйынды түзөт. Эгерде бир ай ичинде 700 кВт/саат керектөө чеги ашса, тариф 2.16 сомго чейин көтөрүлөт.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/Screen-Shot-2023-01-23-at-10.18.05.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/01/Screen-Shot-2023-01-23-at-10.18.05.png)

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров буга чейин ушул жылдын май айынан тарта калк үчүн электр энергиясына тариф кВт/саатына 1 сомго чейин көтөрүлөрүн билдирген.Кыргызстанда электр энергиясына эң арзан тарифтердин бири – бааны салыштыруу