Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан

Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу электр энергиясынын тарифтери Кыргызстанда эң арзан. Мындай салыштырган маалыматты Энергетика министрлиги билдирди.

Министрлик Казакстанда 1 кВт/саат электр энергиясы КРнын улуттук валютасы менен эсептегенде 3.54 сом, Россияда 4.6 сом, Тажикстанда 2.2 сом, Өзбекстанда 2.23 сом турарын жана Түркмөнстанда 1 кВт саат электр энергиясынын тарифи 62 тыйын, Кытайда 6.75 сом экенин айтты.

Ошол эле учурда Кыргызстандын калкы үчүн бүгүнкү күндө электр энергиясынын тарифи 77 тыйынды түзөт. Эгерде бир ай ичинде 700 кВт/саат керектөө чеги ашса, тариф 2.16 сомго чейин көтөрүлөт.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров буга чейин ушул жылдын май айынан тарта калк үчүн электр энергиясына тариф кВт/саатына 1 сомго чейин көтөрүлөрүн билдирген.Кыргызстанда электр энергиясына эң арзан тарифтердин бири – бааны салыштыруу