> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын 346 айылында таза суу такыр жок
- URL: https://im.kg/all/2023/01/23/kyrgyzstandyn-346-ajylynda-taza-suu-takyr-zhok/
- Published: 2023-01-23T11:14:53.000Z
- Updated: 2023-01-23T11:16:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын 346 айылы таза суу менен камсыз болгон эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү билдирди.**

Жыйында Балбак Түлөбаев республиканын канча айылы системалуу таза суу менен камсыздалбаганына кызыкты.

> “346 айылда таза суу тутумдары такыр жок, 470 айылда болсо түтүктөр 50-70 жылдары курулуп, азыркы учурда колдонууга жараксыз болуп калган”, – деди агенттиктин өкүлү. 

Негизинен Кыргызстанда 1905 калктуу конуш бар, анын 32си шаар, 1873 айыл статусундагы калктуу конуштар. 

---

[ЕРӨБ берген 17.8 млн евро Араван — Ак-Буура каналын реконструкциялоого жумшалат](http://localhost/info-portal/news/2022/07/13/140088/)

[ЕРӨБ Ош облусунда ирригацияны жакшыртууга 17.8 млн евро берет](http://localhost/info-portal/news/2022/07/13/er-b-osh-oblusunda-irrigaciyany-zhakshyrtuuga-17-8-mln-evro-beret/)

[ЕРӨБ Араван, Кара-Суу райондорун таза суу менен камсыз кылууга дээрлик 20 млн евро берет](http://localhost/info-portal/news/2022/04/25/er-b-aravan-kara-suu-rajondorun-taza-suu-menen-kamsyz-kyluuga-deerlik-20-mln-evro-beret/)